Кыргыз Республикасынын Италиядагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Эрмек Исаков Рим шаарынын университеттеринде окуп жаткан Кыргызстандын студенттери менен жолугушту

2021-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Эрмек Исаков Рим шаарынын университеттеринде окуп жаткан Кыргызстандын студенттери менен Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинде жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерге Кыргызстандын Италиядагы Элчилигинин ачылышы, жүргүзүлүп жаткан иштер, келечекте маданий иш-чараларды өткөрүү жөнүндө маалымат берилди.

Кыргызстандык студенттердин Италияда жашоосунун актуалдуу маселелери, уруксат алуу документтери, италиялык университетте окуу формасы жана башка көптөгөн маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Студенттерге 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча референдум жана Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинин алдындагы No9033 Шайлоо участкасынын иши жөнүндө маалымат берилди.

Кыргызстандын жаш муундарынын өлкөнүн маанилүү саясий иш-чараларына катышуусунун маанилүүлүгү белгиленди. Жолугушуунун аягында Элчилик кыргыз студенттерине алдыдагы Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө жана иш-чараларга активдүү катышуу зарылдыгы жөнүндө маалымдады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK