Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан демилгеленген «Я шагаю по Москве» гуманитардык долбоорунун алкагында Москвадагы мекендештердин балдары үчүн Третьяков галереясына биринчи экскурсия уюштурулду

2021-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан демилгеленген «Я шагаю по Москве» гуманитардык долбоорунун алкагында Москвадагы мекендештердин балдары үчүн Третьяков галереясына биринчи экскурсия уюштурулду.

Россиядагы эң чоң көркөм сүрөт музейине көп балалуу үй-бүлөлөрдөн 8 жаштан 14 жашка чейинки 21 баладан турган топ келишкен.

Долбоордун максаты - балдарды жогорку искусство жана маданий баалуулуктар чөйрөсү менен тааныштыруу, аларда туруктуулуктун жана социалдык тең салмактуулуктун фактору катары толеранттуу аң-сезимдүү инсанды калыптандыруу.

Элчилик балдар үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейине, Жеңиш жана авиация музейине, Космонавтика музейине, Көчмөндөр маданияты музейине, курал-жарак сактоочу жайга, Москва планетарийине жана башка жактарга экскурсияларды уюштурууну пландаштырууда.

Кыргыз мекендештери жашаган чөлкөмдүн тарыхын жана маданиятын изилдөөгө багытталган долбоорлор Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Канцеляриялары жайгашкан Россиянын аймактарында да ишке ашырылат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK