Германиянын Бранденбург федералдык округунун борбору Потсдам шаарында жайгашкан боз ʏй айылында Берлин шаарындагы Кыргыз-герман маданий коому тарабынан Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏгʏнʏн 30 жылдыгына арналган кʏзгʏ майрам болуп өттʏ

2021-жылдын 12-сентябрында Германиянын Бранденбург федералдык округунун борбору Потсдам шаарында жайгашкан боз ʏй айылында Берлин шаарындагы Кыргыз-герман маданий коому тарабынан Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Эгемендʏʏлʏгʏнʏн 30 жылдыгына арналган кʏзгʏ майрам болуп өттʏ.

"Страна кочевников (Nomadenland, https://www.nomadenland.de/)" деп аталган боз ʏй айылы Потсдам шаарынын борбордук паркында жайгашкан. Анын жетекчиси Маттиас Михель 11 жылдан бери шаардын тургундарын жана конокторун кыргыз элинин маданияты жана каада-салттары менен тааныштырып келе жатат. Боз ʏй айылынын конокторуна ошону менен бирге боз ʏйдө тʏнөп кетʏʏ, балдар ʏчʏн жомоктор жана ар кандай оюндар сунуш кылынат.

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Эрлан Абдылдаев боз ʏй айылынын жетекчиси Маттиас Михельге ыраазычылыгын билдирди жана кыргыз-герман кызматташтыгына кошкош салымы ʏчʏн Элчиликтин Алкыш баракчасын ыйгарды.

Майрамга Потсдам шаарынын жана ага жакын жайгашкан шаарлардын тургундары жана коноктору, ошондой эле Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкʏлдөрʏ катышты. Коноктор боз ʏйдʏн ички жасалгалары менен таанышты жана кыргыз улуттук тамактарынан ооз тийишти. Келген конокторго Кыргызстан тууралуу туристтик буклеттер тартууланды. Майрам жылуу жана достук маанайда өттʏ.

Мындай иш-чаралар Германияда кыргыз маданиятын жайылтууга жана Кыргызстанга туристтерди тартууга салым кошот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK