Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү А.Наматбаев Малайзиянын Эл аралык соода-өнөр жай палатасынын (MICCI) Аткаруучу директору Шон Эдвард Чих мырза менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү А.Наматбаев Малайзиянын Эл аралык соода-өнөр жай палатасынын (MICCI) Аткаруучу директору Шон Эдвард Чих мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташуу, ошондой эле эки өлкөнүн соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда кызматташтыкты түзүү келечегин талкуулашты.

Мындан тышкары, А.Наматбаев Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалына токтолуп, MCCI мүчөлөрүнө ата мекендик продукциялар боюнча презентация жана Кыргыз Республикасында бөтөлкөдөгү суу чыгаруучу заводду куруу долбоору сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында жакынкы келечекте Бишкек жана Куала-Лумпур шаарларында кыргыз-малайзия бизнес-форумдарын өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK