Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиевдин Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысынын орун басары А.Барани менен жолугушуусу

2021-жылдын 15-ноябрында Будапешт шаарында Экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын 2-жыйынына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысынын орун басары Андраш Барани менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер ЭККтин алдыдагы жыйынын талкуулашты.

Министрдин биринчи орун басары Н.Ниязалиев Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте болуп өткөн Европа Биримдиги – Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумуна катышкандыгы үчүн венгер тарапка ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары тараптар үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Стамбулда өткөн ТМКК саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Венгриянын Премьер-министри В.Орбан менен жолугушуусунун маанилүүлүгүн белгилешип, эки мамлекеттин башчыларынын макулдашууларын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиев жана Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысынын орун басары А.Барани ошондой эле 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышын канааттануу менен белгилешти, анын алкагында кыргызстандык жана венгриялык ишкерлердин катышуусунда маанилүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда.

Тараптар 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата биргелешкен иш-чаралардын планын талкуулашты. Тарапта ЕБ-БА Экономикалык форумун институтташтыруунун жана Бишкекте Форумдун туруктуу катчылыгын түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө макулдашышты. Венгриянын WizzAir авиакомпаниясы тарабынан Будапешт-Бишкек түз аба каттамын ачуу маселесин тездетүү зарылдыгына көңүл бурушту.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK