Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолугушуусу болуп өттү

2021-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө маектештер кыргыз-казак кызматташтыгынын күн тартибинин бир катар актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты. Алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги тышкы саясий иш-чараларды даярдоого жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөрдүн аягында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда тыгыз кызматташтыкты мындан ары чыңдоого ишеним билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK