Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Пакистан Ислам Республикасынын Жогорку билим берүү комиссиясынын төрагасы Мухтар Ахмед менен жолугушту

2022-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Пакистан Ислам Республикасынын Жогорку билим берүү комиссиясынын төрагасы Мухтар Ахмед менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулашты, атап айтканда, билим берүү методикалары жана программалары, ошондой эле студенттик жана академиялык алмашуу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн делегациялардын өз ара иш сапарларын уюштуруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

А.Артыкбаев пакистан тарабына Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары эл аралык деңгээлде таанылып, билим сапаты жана кеңири материалдык-техникалык базасы менен айырмаланаарын билдирди. Буга байланыштуу ал Кыргыз Республикасынын айрым медициналык университеттери үчүн Пакистандын медициналык комиссиясы тарабынан коюлган чектөөлөрдү алып салуу зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде, Мухтар Ахмед билим берүү тармагындагы кызматташуунун кеңири потенциалын канааттануу менен белгилеп, жогоруда аталган маселелерди чечүүгө, ошондой эле бул жаатта тиешелүү документтерге тез арада кол коюуга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK