КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Борбордук Азия менен Европа биримдигинин ортосундагы өз ара байланыш боюнча конференциянын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

2022-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Самарканд шаарында өтүп жаткан Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара байланыш боюнча конференциянын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Евробиримдик менен эки тараптуу, аймактык жана эл аралык багыттар боюнча өз ара аракеттенүү маселелери Европанын тышкы аракеттенүү кызматынын Россия, Чыгыш өнөктөштүк, Борбордук Азия, аймактык кызматташтык жана ЕККУ боюнча башкаруучу директору Микаэль Зиберт менен болгон жолугушууда талкууланды.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен жакында болгон жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Еврокомиссиянын эл аралык өнөктөштүк боюнча башкы директору Петерис Устубс менен жолугушууда Евробиримдик менен долбоор жана программалык кызматташуу өзүнчө талкууланды. 2021-2027-жылдарга көп жылдык индикативдик программанын алкагында долбоорлорду улантуу, ошондой эле санариптештирүү жаатындагы долбоордун алкагында 3 миллион евро өлчөмүндө бюджеттик колдоо алуу макулдашылды.

Европа инвестициялык банкынын вице-президенти Тереза ​​Червинска менен жолугушууда энергетика жана транспорт тармагындагы инфраструктуралык «жашыл» долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Практикалык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында туруктуу өнүгүү үчүн эки тараптуу жана аймактык кызматташтыктын потенциалын ачуу үчүн Кыргызстанга эксперттик топ жөнөтүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлигинин статс-катчысы Нильс Аннен менен эки тараптуу жолугушуу Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөө жана долбоордук жана программалык кызматташууну кеңейтүү жолдорун талкуулоого арналды.

ЕККУнун Генералдвк катчысы Хельга Шмид менен жолугушууда эки тараптуу жана аймактык кызматташуу маселелери талкууланды. Тараптар быйыл 30 жылдыгын белгилеп жаткан кызматташтыктын жетишилген деңгээлине канааттангандыгын билдиришти.

А.Молдогазиев ЕККУга демократиялык процесстерге, өлкөнүн туруктуулугун жана коопсуздугун чыңдоого көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өлкө үчүн приоритеттүү багыттар боюнча ЕККУнун ишке ашырылып жаткан долбоорлорунун актуалдуулугун белгиледи.

ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын ишмердүүлүгүнө, анын билим берүү жана илимий потенциалын кеңейтүүгө колдоо улантылары белгиленди.

Ошондой эле аймактык коопсуздук маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK