Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Украинанын Элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту
2022-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Украинанын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө дипломаттар ар кандай тармактардагы кыргыз-украин кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты.
Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев Украинада тынчтыкты жана туруктуулукту тез арада калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн ырастады.