Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) Катчылыгынын аткаруучу директору Кайрат Сарыбай менен жолугушту

2022-жылдын 4-мартында Ташкент шаарында кыргыз делегациясынын «Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы глобалдык стратегиясын ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттер планынын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтыгы» темасындагы жогорку деңгээлдеги эл аралык конференцияга катышуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаровдун Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) Катчылыгынын аткаруучу директору Кайрат Сарыбай менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Кайрат Сарыбай 2022-жылдын жарым жылдыгында өткөрүлө турган Мамлекет башчыларынын 6-саммитине даярдык көрүү боюнча АӨИЧК Катчылыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.

Тараптар АӨИЧКны Азиянын коопсуздугу жана өнүгүүсү боюнча толук кандуу эл аралык уюмга кайра түзүү концепциясын, ошондой эле Даанышмандар кеңешин түзүүнү жана АӨИЧКны институционалдаштыруунун алкагында башка документтерди талкуулашты.

Азизбек Мадмаров өз кезегинде Кыргызстан АӨИЧКнын мүчө мамлекеттери менен өз ара ишенимди, кызматташтыкты чыңдоо жана аймактык коопсуздукту бекемдөө, достук жана өз ара аракеттенүү мамилелерин өнүктүрүү боюнча кеңешменин максаттарын жана принциптерин кармана тургандыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK