Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды
2021-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана туризмди өркүндөтүүдө эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Министрдин орун басары А.Артыкбаев ошондой эле Элчи А.Аль-Сулайтинин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди чыңдоого кошкон жеке салымын белгилеп, кыргыз тараптын Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим Аль Танинин Кыргыз Республикасына иш сапарын эпидемиологиялык кырдаал турукташканда уюштурууга даяр экендигин билдирди.