Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Палестинанын Кыргызстандагы Элчиси Жавад Мохаммед Авадды кабыл алды

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Палестина Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жавад Мохаммед Авадды кабыл алды.

Тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, атап айтканда, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, түрдүү деңгээлдеги байланыштарды түзүү жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Министрдин орун басары А.Артыкбаев Кыргыз Республикасынын Палестина Мамлекети менен өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын билдирди. Мындан тышкары, эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн, активдүү өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде, Элчи Дж.Авад жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү жана тереңдетүү үчүн зарыл болгон күч-аракеттерин жумшай тургандыгына ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK