Символикасы жөнүндө маалымат

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 4-октябры N 715

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер
министрлигинин символикасы
жөнүндө жобону бекитүү
тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин символикасы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги символика белгисин даярдоого байланышкан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын атайын каражаттарынын эсебинен төлөсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 4-октябрындагы
N 715 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
символикасы жөнүндө
ЖОБО

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (мындан ары Министрлик) символикасы Министрликке тиешелүүлүгүн көрсөткөн расмий айырмалоочу символ болуп саналат.
Символика Министрликтин жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн башка символдорун түзүүгө негиз боло алат.
Символика Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин жана анын орун басарларынын, Министрликтин структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кабинеттеринде жайгаштырылат.
Символиканын сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри аныктаган тартипте төмөнкүлөрдө жайгаштырылышы мүмкүн:
- Министрлик жана анын структуралык бөлүмдөрү ээлеген имараттар менен курулмаларда;
- транспорттук жана атайын каражаттарда, кызмат шаймандарында;
- айырмачылык белгилеринде;
- Министрликтин борбордук аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин формалык кийиминде;
- кызматтык документтерде;
- Министрликтин кызматкерлеринин өздүк күбөлүктөрүндө;
- Министрликтин жана ведомстволук уюмдардын заказы боюнча чыгарылган жана даярдалган басылма, жарнамалык-маалыматтык жана сувенирдик продукцияда;
- Министрликтин сыйлыктарында жана белектеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин чечими боюнча башка учурларда.
2. Министрликтин символикасынын сүрөттөлүшү.
Министрликтин символикасынын көркөм идеясын чагылдырган дизайндын негизги элементи болуп стилдештирилген жер шарынын фонунда ромб түрүндөгү сүрөттөлүштү пайдалануу саналат.
Ромб түрүндөгү сүрөттөлүш жана кыргыздын улуттук оймо-чиймелеринде көп кездешкен декоративдик мотив боз үйдүн капталдарын түзүүчү жыгач торчону (кереге көздү) билдирет. Кереге көз боз үйдүн каркасы жана байланыштыруучу звеносу болуп кызмат кылат жана туруктуулук менен бир калыптуулукту символдоштурат.
Ромбдун борборунда түндүктүн чамгарагы түрүндөгү оймо-чийме элемент эмблемага улуттук колорит берип, ошондой эле адамдардын кызыкчылыктары менен мамлекеттик кызыкчылыктардын кесилишин жана айкалышын символдоштурат.
Жер шарынын стилдештирилген сүрөттөлүшү жалпы адамзаттык үйдү символдоштурат, анын борборунда жалпы конструкциянын байланыштыруучу звеносу болуп саналган декоративдик ромб түрүндөгү элемент жайгашкан.
Министрликтин символикасынын негизги идеясы төмөнкүдөй: боз үйдүн конструкциясында ромб түрүндөгү кереге көз байланыштыруучу элемент болгондой эле, жалпы адамзаттын үйү болуп саналган жер шарында жана эл аралык мамилелерде Министрлик мамлекеттер ортосундагы туруктуу жана достук байланыштарды камсыз кылуучу орган болуп саналат.
Символиканын фондук түсү болуп орточо каныккан көк түс "тынчтыктын түсү" тандалган, мындай түс Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын жүргүзүүдө ар дайым тынчтыкка жана гумандуулукка умтулгандыгын мүнөздөйт.
3. Министрликтин символикасын башка мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жеке адамдар пайдалана албайт. Аны бурмалоого, бузууга жана башка ушундай мүнөздөгү иш-аракеттерди жасоого жол берилбейт. Жогоруда аталган иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.