Өлкөлүк колдоо алуу максатында арыз берүү үчүн документтердин тизмеси

1. Министрликке арыз;

2. Идентификациялык картанын - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID-карта) көчүрмөсү (аты-жөнүн алмаштырган учурда, Аты-жөнүн алмаштыруу күбөлүгүн берүү зарыл);

3. Расмий тилдеги резюме;

4. Эл аралык уюмдун мекемелеринде жана талаа миссияларында ваканттык кызматты ээлөө боюнча конкурска катышуу үчүн толтурулган каттоо формасы (эл аралык уюмдун расмий сайтында);

5. Эл аралык уюмга даректелген англис тилиндеги мотивациялык кат;

6. Эл аралык уюм талап кылган башка документтер.

7. Нускаманын VI бөлүмү менен таанышкандыгы жөнүндө жана Нускаманын VI бөлүгүнүн жоболорун сактоого макулдук тууралуу тил кат;

8. Эгерде Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын кызматкери болсо, жогоруда көрсөтүлгөн документтердин тизмесинен тышкары ал өзүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы Тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын дарегине өзүнүн кызматкерин эл аралык уюмга секондирлөөгө (командировкага жиберүүгө) макул экендиги жөнүндө кат берүүсү зарыл.

 

Арыздардын үлгүлөрү: (жүктөө)