Түркия Республикасына кете турган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн сунуштамалар (рекомендациялар)

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлгөн. Түркия Кыргызстандын көз каранды эместигин биринчилерден болуп тааныган мамлекеттерден болуп эсептелет. Эки өлкөнүн мамилелери достук жана бир туугандык болуп мүнөздөлөт. 1992-жылы кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Түрк Республикасынын ортосундагы өз-ара визаларды жоюу" жөнүндө Келишимге ылайык, эки өлкөнүн жарандарынын визасыз барып келүү мөөнөтү 30 күндү түзөт. 30 күн өткөндөн кийин Түркиянын Бишкектеги Элчилиги же Түркиянын коопсуздук Башкармасы аркылуу тиешелүү визаны же жашай туруу укугун алуу зарыл.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы Консулдугу Кыргызстандын жарандарына Түркияда жүргөн мезгилде төмөндөгү рекомендацияларды сунуш кылат.

Жалпы рекомендациялар:

Түркияга баруудан мурун, биринчиден, бардык керектүү болгон документтер тийиштүү түрдө даярдалганын текшерүү зарыл. Паспорттогу бардык негизги маалыматтардын туура экендигнин кылдаттык менен салыштырып текшерүү керек (Аты-жөнү, туулган датасы, жыныстыгы, паспортту колдонуу мөөнөтү), өзгөчө, эгер паспорт жаңы болсо. Эгерде чет өлкөгө чыгуучу жалпы жарандык паспортко балдардын аты жөнү жазылса, алар жөнүндө маалыматтын туура/так жана сүрөттөрдүн бар экендигин текшерип, балдардын сапарына атасынан же апасынан уруксаат алып, тиешелүү ишеним катты тариздеш зарыл.

Паспортто зыян келтирилген нерселер, тактар жана бөтөн жазуулар жок болуш керек. 
Чет өлкөдө жүргөндө, паспортту жаныңыздарга алып жүрүү зарыл, аны эч кимге сактоого же күрөөгө (залогго) бербеңиздер. 
Эгер Сиз Түркияга эс алуу максатында турист катары баратсаңыз, сөзсүз түрдө, тиешелүү туристтик компания аркылуу таризделген, медициналык камсыздандыруу күбөлүгүңүз болуш керек. Камсыздандыруу күбөлүгүн алаарда, Түркияда кандай түрдөгү медициналык кызматтар көрсөтүлүш керектигин жана алар кандайча төлөнөөрүн тактап алыңыз. Медициналык камсыздандыруу күбөлүгүн тариздөө ишине кылган шалакы мамиле, ооруп калган же кайгылуу кырсык ж.б. учурларда ири чыгымдарга алып келет.

Авиабилеттердин, паспорттун (чет өлкөлүк жана ички) баракчаларын метрикалык маалыматтары жана каттоо тууралуу мөөрү менен, айдоочу күбөлүктүн (эгер бар болсо), кредиттик картанын, туристтик ваучердин жана чакыруу кагаздарынын көчүрмөлөрүн даярдап, кошо алып алуу зарыл. Сөзсүз түрдө паспорттун сүрөтүн, өзүңүздүкүн жана балдарыңыздын, кошумча алып алуу зарыл. Аталган нерселердин баары чет өлкөдө жүргөндө, эгерде паспортту жоготкон же башка күтүлбөгөн учурларда керек болот. Көчүрмөлөрдүн баарын документтердин негизги нускаларынан башка жерде, өзүнчө сактоо керек.

Кошумча дагы бир сунуш: эгерде мүмкүнчүлүгүңүз болсо, аталган документтердин көчүрмөлөрүн сканировать этип, электрондук файл түрүндө өзүңүздүн электрондук почтаңызга салып коюуңуз. Алар керек учурда, кайсы болбосун Интернет-кафесинде электрондук почтаңызды ачып, басып чыгарып алган мүмкүнчүлүккө ээ болосуз.

Туркомпания менен келишим түзүүдөн мурда, келишимге кирүүчү кызматтардын тизмеги менен таанышып алыңыз, себеби, көңүлүңүз калып калуу коркунучу да болбой коюшу мүмкүн эмес. Тиешелүү туркомпаниянын Түркиядагы офисинин дарегин жана телефондорун жазып алыңыз, анткени, ал компания Сиз эс алып жүргөн мезгилде ар кандай зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө тийиш, өзгөчө, жайгаштыруу, эс алуу шарттары, кызматтарынын деңгеели жана тамак-ашка байланыштуу көйгөйлөр. Ушундай сыяктуу маселелерди Башкы Консулдуктун иш-аракети (функциялары) камтыбайт.

Түркия Республикасы жөнүндө маалыматты окуп-билип алуу да пайдалуу, б.а., саясий абалы, аба-ырайы, мыйзамдары жана салттары, коомдук жана башка жерлеринде өзүн алып жүрүү сыяктуу маалымат. Бул маалыматты Интернет булактарынан алууга болот.

Мисалы, Түркиянын калкынын 99 %зы мусулман болуп эсептелет, ошондуктан бул фактор коомдук жерлердеги жүрүш-туруш ченемине өзүнүн таасирин тийгизбей койбойт. Түркияда, түрк тилинин кыргыз тилине окшоштугун эске алып, сүйлөшүү учрунда кыргыз тилинде кайрылганыңыз оң болот, ал эми бул өлкөнүн белгилүү туристтик аймактарында орус тилин колдонсоңуз болот.

Ылайыксыз окуяны (инцидентти) болтурбоо максатында алдын ала чара көрүү үчүн төмөндөгүдөй рекомендацияларды сунуштайбыз:

- Жергиликтүү калкка достук мамиле көрсөтүү, жергиликтүү калктын жашоо ыңгайы менен эсептешүү; 
- Сабырдуу болуу, орой сөз айтуудан баш тартуу, үндү катуу чыгарып сүйлөбөө, жергиликтүү калктын кадырын кемсинтбөө; 
- Жергиликтүү каада-салтты сыйлоо, жергиликтүү маданиятка бой көтөрүү же тоотпогондук мамиле кылуудан алыс болуу, кемсинтип айткан сөзгө жол бербөө, кыргызча да, орус тилинде да, анткени, ал жерде көбүнчөсү түшүнүшөт, анын ичинде "нормативдик эмес сөздөр"; 
- Коомдук жерлерде жана көчөөлөрдө мас абалда чыкпоо, ошондой эле, ушундай жерлерде спирттик/алкоголдук ичимдиктерди ичпөө.

Эгерде ден соолукка байланыштуу көйгөйлөр бар болсо, чет өлкөгө чыгаардан мурда өзүңүздүн дарылоочу дарыгериңиз менен сапарга баруу маселенин акыладышыңыз зарыл.

Эгерде Сиз дары ичип аткан болсоңуз, дарыларды керектүү көлөмдө алып алууңуз зарыл. Төрөй турган убактысы келип калган аялдарга чет өлкөгө чыгуудан баш тартуу керектигин сунуштайбыз. Чет өлкөгө чыгаарда өзүңүздүн сапарыңыз тууралуу бир-туугандарыңызга, жоро-жолдошторуңузга кайсы жерге бараткандыгыңыз жана ал жердин дарегин/телефондору жөнүндө маалымат калтырып кеткениңиз оң болот.

Аэропорттогу рекомендациялар:

Эегерде кандайдыр-бир көйгөйлөр пайда болсо туркомпаниянын өкүлүнө, аэпрорттун кызматкерине же аэропорттун иничндеги атайын маалымат бере турган жерине кайрылыңыз (Danisma - Information Desk). 
Паспорттук текшерүүнү өтүп аткан учурда, "Түркиянын паспорту жөнүндө Мыйзамдын" негизинде Паспорттук текшерүү бөлүмүнүн кызматкерлери Сизге тиешелүү суроолорду бериши мүмкүн, мисалы, сапардын максаты боюнча, ошондой эле, 500 доллардык көлөмдөгү акчанын жана кайтып кетүүчү авиабилеттин жаныңызда болушун текшерет. Эгерде аталган акчанын көлөмү жана кайтып кетүүчү авиабилет жок болсо, Кыргызстандык жаран кайра Бишкекке же кайсы жерден келсе, ошло өлкөгө депортация болот.

Түркиядын территориясынан депортация кылуу, "Чет өлкөлүк жарандардын Түркияда жашоосу жана жүрүүсү" жөнүндөгү М 5683 мыйзамдын 19-чу беренесинин негизинде ишке ашырылат, анда төмөндөгүдөй айтылат: "Чет өлкөлүк жарандардын турушу коомдук жана саясий же административдик тартипке карама-каршылык келгени Ички Иштер Министерствосу тарабынан аныкталса, аларга белгиленген мөөнөттө өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө чакыруу берилет. Белгиленген мөөнөт бүткөндө өлкөдөн кетпеген жарандар, Түркиянын территориясынан айдалып чыгарылат».

Мындан тышкары, эгерде чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө туруш абалы үстүдөгү М 5683 Мыйзамдын 22-чи беренесине туш келсе, аталган Министерство чет өлкөлүк жарандардын Түркияга киришине тыюу салуу жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алат. Бул беренеге ылайык: «Түркиядан айдалып чыгарылган чет өлкөлүк жарандар, кайрадан өлкөнүн территориясына Ички Иштер Министерствосунун атайын уруксааты менен гана кире алат; ал эми Түркиянын мыйзамына ылайык мурун Түркияда жүргөн мезгилинде оор же өтө оор кылмыш үчүн соттолуп, же жазасын алгандан кийин айдалып чыгарылган болсо, Түркиянын территориясына кирүүгө тыюу салынат. Ошону менен бирге, кээ бир учурларда, Ички Иштер Министерствосу тарабынан атайын уруксаат берилсе, аларга Түркиянын территорисы аркылуу транзиттик жол менен өтүүгө, бирок токтоого акысы жок, уруксаат берилиши мүмкүн". 
Авиабилетти, паспортту, акчаны жана башка баалуу буюмдарды өзүңүз менен алып жүрүү зарыл. 
Жүгүңүздү тапшыргандан соң берилген талондорду сактаңыз, анткени, жүгүңүз жоголуп кетсе, аны табыш үчүн керек болот.

Эгерде Стамбул шаарына транзит менен түрк аба жолдору аркылуу келип, Стамбулга 10 саат же андан ашык мөөнөттө калып калсаңыз, Түрк аба жолдору акысыз мейманкана жана транспорт тартуулашат (бизнес класстагы жүргүнчүлөр үчүн 8 саат). Мейманканадан орун алыш үчүн Ататүрк эл аралык аэропортунда 1-чи кабатта жайгашкан «Otel Desk» жерине кайрылсаңыз болот. 
Ал эми, Стамбул шаарына транзит менен башка аба жолдору аркылуу келип, башка учакка которулуп түшүү үчүн 8 саатан ашык убакыт кетсе (8 саатан кем убакыт болсо шаарга чыгуунун кажети жок), шаарга чыгуу үчүн рейстик "Havas - Shuttle Bus" автобусунун кызматын колдонсоңуз болот, бул автобус Ататүрк эл аралык аэропортунан чыгып, токтоосуз Стамбул шаарынын борборуна, Таксим районуна, алып барат, жана кайра Ататүрк аэропортуна же Сабиха Гокчен аэропортуна жеткирип коёт. "Havas" аэропорттогу эң коопсуздуктуу, ыңгайлуу жана арзан автотранспорту болуп эсептелет.

Ататүрк аэропортунда жер алдындагы "Метро" линияларын колдонуу сунушталбайт, анткени ал жерде тоноо же кол салуу коркунучу бар.

Мейманканадагы рекомендациялар:

Документтерди, акчаны жана баалуу буюмдарды мейманкананын бөлмөсүндө калтырбоо зарыл, аларды бөлмөдөгү сейфте сакташ керек, же болбосо мейманкананын каттоо бөлүмүндөгү сейфте. Буюмдарды тапшыргандан мурда буюмдардын тизмесин түзүп, мейманкананын өкүлү менен тиешелүү актыны түзүү зарыл. 
Жаныңызда мейманкананын визиттик картасын алып, эгерде күтүлбөгөн окуяга кабыл болуп калсаңыз компетенттүү органдар менен кандайча байланыш керектигин сурап-билип алыңыз.

Көчөөдөгү рекомендациялар:

Көчөөгө сейилдеп чыкканда эки же топ кишилер менен чыгуу, жарыгы бар жана адамдар көбүрөөк жерлерге баруу сунушталат, шаардын картасын да алып алууну унутпаңыздар. Жарыгы жакшы эмес же жок жерлерге кабылсаңыздар, өтүүчү жайлардан, үйгө кирүүчү эшиктерден,бадал менен жабылган жерлерден алыс болууңуз зарыл. Дүкөндөрдүн көрсөтмө айнектеринин жанында көпкө кармалбаңыздар жана соо эмес, селсаяк, кайырчы адамдар менен сүйлөшүүдөн баш тартыңыз. Автобусту же таксини жарыгы бар транспорт токтой турган жайларда күтүңүз. 
Эгерде кимдир-бирөөлөр көргөндүн кыжырын кайнаткан иш жасап атса, же кандайдыр бир тентектик иш-аракеттерди кылып атса, ал жерден тезинен кетип калуу зарыл. 
Бейтааныш кимдир-бирөөлөр тартуулаган спирттик/алкоголдук ичимдик, суусундук жана тамекиден баш тартууңуз зарыл. Ушундай сыяктуу сунуштар бейтааныштар тарабынан тоноо же болбосо акидей асылуу максатында колдонулат. 
Эгерде сейилдеп басып жүргөн учурда күтүлбөгөн жерден автоунаа жаныңызга токтоп калып, андагы бейтааныш кишилер бир аз жүрүп келүүнү сунуштаса, андан баш тартууңуз зарыл, анткени мындай сунуштун артынан көп учурда кол салуу күтүлүшү мүмкүн. 
Эгерде Сиздин аркаңыздан кимдир-бирөө ээрчип же аңдып келе атканын шексип калсаңыз, көчөөнүн башка тарабына өтүп кетип, арткы тарапты көздөй басып кетүү туура болот. Эгерде бейтааныштын мындай иш-аракети токтолбосо, эң жакың аралыктагы жарыгы бар жер тарапка: дүкөнгө, автозаправкага же адамдар көп жерге чуркап, жакыңкы жерде жайгашкан полициялык бөлүмгө кайрылыш керек.

Коомдук жерлердеги рекомендациялар:

Ири туристтик борборлордо өзүңүздүн жеке буюмдарыңызга сак болуп, алдын ала сактык чараларды көрүңүз. Акча каражаттарыңызды ар кандай чөнтөктөрүңүзгө бөлүштүрүп салыңыз. 
Эгерде документтериңизди, авиабилеттериңизди, кредиттик картаңызды уурдатсаңыз, полицияга арыз менен кайрылып, андан соң Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы Консулдугуна, Кыргыз Республикасынын Анкарадагы Элчилигине же Анталиядагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу Консулдугуна кайрылыңыз.

Сизди коштоп жүргөн топтун жетекчисине (эгерде болсо) авиабилетти кайрадан калыбына келтирүү, кредиттик картаны жабуу тууралуу маалымдаңыз.

Соода борборлорунда жүргөндө күтүлбөгөн окуядан же провокациядан алыс болуш үчүн айлана-чөйрөңүздө эмнелер болуп атканын байкай жүрүңүз. Тандап алган буюмуңузду соода борборундагы сатып алууга бериле турган кутуларга же арабаларга салып кармаңыз. Товардык чектерди жашап аткан жериңизге келгенге чейин сактаңыз. Эгерде талаш-тартыш жагдайы пайда болуп калса, кандайдыр бир мазмуну түшүнүксүз протоколдорго кол коюудан, же болбосо өз алдынча инцидентти чечүүдөн, баш тартыңыз. 
Кол салуу, тоноо же Коопсуздук башкармасы тарабынан кармалган учурлардан алыс болуш үчүн кечки саат 22:00дөн кийин көчөөгө чыгып басуудан баш тартууңузду сунуштайбыз.

Өзгөчө Стамбул шаарынын "Аксарай" районуна баруудан баш тартууну сунуштайбыз. Бул район КМШ өлкөлөрүнүн арасында белгилүү болгон арзан соода борбору болуп саналып, "Аксарайда" кылмышгтуулук, опузалап алуу жана сойкулук өнүккөн (тактап айтканда, түнкү клубдарда, кафелерде жана көңүл ачуу жайларында). Шоппинг же сатып алуу максатында "Аксарай" районун күндүз гана барсаңыз болот, б.а. саат 10.00 дөн 18.00гө чейин. Ошол эле учурда, өтө сак жана кыраакы болуп, бейтааныштардын шектүү бутиктерине кирип кетүү чакырыктарына көңүлүңүздү бурбаганыңыз зарыл Ал эми башка бош убактыңызды Стамбул шаарынын борбордук райондорунда өткөрүүнү сунуштайбыз.

- эгер документиңизди жоготсоңуз - биринчи иретте тосуп алган туркомпаниянын котормочу-гидине (эегерде турист болсоңуз) же жашаган мейманкананын кызматкерлерине кайрылыңыз. Гиддер же мейманкананын кызматкерлери көп учурда ушундай учурларда кандай иш-аракеттерди жасаш керектигин жакшы билишет: турист менен бирге жакын арадагы полиция бөлүмүнө (Karakol), же болбосо жандармерияга (Jandarma) кайрылышат, ал жерден документти жоготкон тууралуу протокол түзүлөт (бул протокол Ата-мекенге кайтаруу күбөлүгүн - СВР - алууга керек болот).

Эгерде Сиз Стамбул шаарына транзит менен келип, документти көчөөдө жоготсоңуз, жакын арадагы полициялык бөлүмгө кайрылыңыз, андан кийин Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы Консулдугуна, Кыргыз Республикасынын Анкарадагы Элчилигине же Анталиядагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу Консулдугуна байланышыңыз. Аталган өкүлчүлүктөргө окуя жөнүндө маалымат берип, өкүлчүлүктөргө кайсы убакытта СВР алыш үчүн келериңизди тактап алыңыз.

Албетте, СВРди берүү жаранды идентификациядан өткөрүү тартибин талап кылат (Кыргызстандын жарандыгы бар экендигин тактоо). Ушуга байланыштуу, сапарга аттанаардан мурун Кыргызстандын жарандык чет өлкөлүк жана ички (ID карта) паспортторунун көчүрмөлөрүн (кагаз, электрондук түрдө) алууну сунуштайбыз. Ошондой эле, күтүлбөгөн чыгымдарга акча каражат сактап калуу зарыл (200-300 доллар көлөмүндө).

- эгерде Сизди тоноп же Сизге кол салган учурларга кабыл болсоңуз - мындай сыяктуу кылмыштын бетин ыкчам түрдө ачып, тезинен тергөө жүргүзүү максатында, алгач, Түркиянын укук-коргоо органдарына кайрылууңуз зарыл (Emniyet MiidiirlUgii, Karakol, Jandarma или Zablta).

Окуя тууралуу туркомпаниянын өкүлүнө же Башкы Консулдукка тезинен кабарлаш керек. Алар менен бирдикте тиешелүү протокол түзүлүш керек, тоноодо - протоколду жоголгон буюмдардын тизмеси жана алардын баасы менен түзүлүшү зарыл.

- жол кырсык учурларда - окуя болгон жерде полиция же жандармерия келгенге чейин күтүп туруу зарыл.

Окуя болгон жерде тиешелүү протоколдун түзүлүшүн талап кылуу сунушталат. Анткени, кээ бир учурларда, жол кырсыктын себептерин аныкташ үчүн кошумча тергөө иштери талап кылынат. Полиция же жандармерия келгенге чейин, окуя болгон жерди эч качан таштап кетпеңиз.

Күтүлбөгөн, мисалы, коркутуу же кол салуу, жол кырсыгы, жергиликтүү укук-коргоо органдары тарабынан кармалуу ж.б. учурларга кабылсаңыз тез аранын ичинде Сизди кабыл алган туркомпанияга же Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы Консулдугуна, Кыргыз Республикасынын Анкарадагы Элчилигине же Анталиядагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу Консулдугуна байланышып, окуя тууралуу маалымдаңыз. Укук-коргоо органдарынан Башкы Консулдук, Элчилик же Ардактуу Консулдук менен байланыштырууну талап кылууга толук укугуңуз бар (биздин өкүлчүлүктөрдүн телефондору полиция жана жандармерия бөлүмдөрүндө бар), же окуя жөнүндө жазуу түрүндө маалымдоо зарыл. Ошол эле учурда, туристтик маалдын (сезондун) убагында (май-октябрь) Түркиянын туристтик курортторунда жана аймкатарында миллиондогон чет өлкөлүк туристтер эс алып жүрөөрүн жана алар да полицияга же жандармерияга ар кандай окуялар менен күндөп-түндөп кайрылууларын эске алып, түшүнүү менен мамиле кылаарыңыздарга ишенебиз. 
Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы Консулдугу
lamartin caddesi, #7, Taksim, Istanbul
Тел: (0090-212)-235-67-67 
Факс: (0090-212)-235-92-93
e-mail: gencon@tr.net, gc@kgconsulate.gen.tr