Тышкы иштер министринин биринчи орун басары
Исаев Асеин Кусеинович
Туулган күнү: 22-декабрь, 1963-жыл
Билими:
1986-ж. Урал мамлекеттик университети (РФ), жогорку билими тууралуу диплом.
1993-ж. Москва мамлекеттик университети (РФ), философия илимдеринин кандидаты.
Кесиптик ишмердүүлүгү:
1986-1989-ж. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин философия мугалими.
1989-1993-ж. Москва мамлекеттик университетинин аспиранты.
1994-1995-ж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин атташеси.
1995-1998-ж. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин 3-катчысы, 2-катчысы.
1998-ж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМДБнын паспорттук-визалык бөлүмүнүн начальниги; жана «Манас» эл аралык аэропортундагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук мекемеси, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин 1-катчысы.
1998-2000-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын референти.
2000-2002-ж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык коопсуздук, стратегиялык жана укуктук маселелер департаментинин эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы.
2002-2005-ж. Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси.
2005-ж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясат, пландаштыруу жана көп тараптуу экономикалык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
2005-2009-ж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директору.
2009-2013-ж. Министрдин биринчи орун басары рангында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы.
2013-2014-ж. Кыргыз Республикасынын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү жана Франциядагы Элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү.
2014-2019-ж. Кыргыз Республикасынын Бенилюкс жана Франция өлкөлөрүндөгү ЕБ, ЮНЕСКО жана НАТО алдындагы Аатайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
2019-2022-ж. Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
Дипломатиялык рангы: Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи.
Тилдери: кыргыз, орус, англис.
Үй-бүлөлүү, 2 баласы бар.