Тышкы иштер министринин орун басары
Молдогазиев Айбек Бейшеевич
1995-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин артыкчылык менен бүтүргөн.
2022-ж. февралы-азыркы учурга чейин – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары.
2021-ж. февралы - 2022-ж. февралы – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Юридикалык бөлүмүнүн башчысы.
2017-ж. августу - 2020-ж. октябры – Кыргыз Республикасынын Нью-Йорк ш. БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүндө Кеңешчи – Кичи элчи.
2016-ж. марты - 2017-ж. августу – Кыргыз Республикасынын ТИМинин Биринчи саясий департаментинин директору.
2013-ж. июлу - 2016-ж. марты – Кыргыз Республикасынын ТИМинин Эл аралык-укуктук департаментинин директору.
2013-ж. марты-июлу – Кыргыз Республикасынын ТИМинин Кадрдык иштер департаментинин директору.
2012-ж. февралы-сентябры – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
2009-ж. марты-октябры – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.
2005-ж. сентябры - 2009-ж. марты – Кыргыз Республикасынын ТИМинин Эл аралык-укуктук департаментинин директору.
2002-ж. сентябры - 2005-ж. августу – Кыргыз Республикасынын Нью-Йорк ш. БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн 1-катчысы.
1995-ж. декабры - 2001-ж. июну – Кыргыз Республикасынын ТИМинин Келишимдик-укуктук департаментинин атташеси, 3-катчысы, 2-катчысы, 1-катчысы, кеңешчиси.
Төмөнкү окуу курстары жана программалары боюнча окуудан жана такшалмадан өткөн:
- Борбордук Азия жана Кавказ институту, такшалма (Вашинггон ш., АКШ), 2002-жыл.
- Хьюберт Хамфри программасы, Калифорния университети (Дэвис ш., Калифорния, АКШ), 2001-2002-жж.
- ЛСА программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курстары (Токио ш., Япония), 2000-ж.
- Дипломатиялык курстар, «Клингендаль» Нидерланды эл аралык мамилелер институту (Гаага ш., Нидерланды), 1997-ж.
- Эл аралык укук боюнча курстар, Королдун колледжи (Лондон ш., Улуу Британия), 1996-ж.
“Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи элчиси" дипломатиялык рангына ээ.