Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча

22-апрелде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерондун ортосунда кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр болду.

Жолугушуунун башында министр Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын Кыргызстанга болгон биринчи расмий сапарын кубаттап, саясий диалогдун оң динамикасы келечекте дагы улана берээрине ишеним билдирди.

Ошондой эле, британиялык кесиптешине кызматташуунун потенциалдуу багыттары, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, соода жүгүртүүнү жогорулатуу, алдыңкы технологияларды колдонуу менен сейрек кездешүүчү металлдарды биргелешип иштетүү жана жашыл энергетикага өтүү тууралуу маалымат берди.

Лорд Кэмерон Улуу Британиянын Борбор Азия өлкөлөрү жана Кыргызстан менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экендиги тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле экономикалык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, биздин өлкөдө билим берүү программаларын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Британ тарап ошондой эле аймакка 19 миллион фунт стерлинг уставдык капиталы менен атайын фонд түзүү аркылуу аймактагы чакан жана орто бизнести колдоого жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Тараптар ошондой эле глобалдык күн тартибин жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2024-2026-жылдарга кызматташуу программасына кол коюшту.

Ошондой эле Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK