Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев менен ЕККУнун Учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри И.Борчтун жолугушуусу болуп өттү

2024-жылдын 27-июнунда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев менен ЕККУнун Учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри И.Борчтун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар Мальтанын ЕККУдагы төрагалыгынын күн тартибиндеги маселелеринин кеңири чөйрөсүн, ошондой эле эки өлкөнүн бул Уюмдун алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Кыргыз тарабы ЕККУ менен активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга ниеттенерин жана Уюмду мындан ары да бекемдөөгө өз салымын кошууга даяр экендигин Министр Ж.Кулубаев белгиледи.

Ал ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ишмердүүлүгүн оң баалап, кеңсе позитивдүү өз ара аракеттенүүнү жана долбоордук ишин координациялоону кыргыз тарабынын приоритеттерине ылайык жүргүзүп жатканын айтты.

Ж.Кулубаев мындан тышкары Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жаштарына билим берүүдө жана алардын ортосундагы диалогду бекемдөөдө жакшы үлгү көрсөтүп жаткан ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөнүн жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Кыргыз тарабы Академияга зарыл болгон колдоо көрсөтүүнү улантаарын ырастады.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясий мекемесинин башчысы Уюмга катышуучу-мамлекеттердин ортосундагы диалогду жакшыртуу боюнча Мальта төрагалыгынын аракеттерин колдоп, ЕККУ аймагындагы бардык көйгөйлөр менен чакырыктар конструктивдүү диалогду өнүктүрүү аркылуу жана мунапыстын (консенсустун) негизинде чечилиши керектигин белгиледи.

Жолугушуунун аягында маектешине төрагалыкты ийгиликтүү өткөрүп алуусун каалап, Кыргыз Республикасы Уюмдун бардык багыттагы ишине толук кандуу жана активдүү катышууга даяр экендигин тастыктады.

Өз кезегинде И.Борч Кыргызстан Уюмдун активдүү катышуучусу экенин белгилеп, Мальтанын ЕККУга төрагалык кылуусуна көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

ЕККУнун Учурдагы Төрагасы тоолор темасын жана климаттын өзгөрүшү маселелерин илгерилетүү боюнча Кыргыз Республикасынын демилгелери менен аракеттерин жогору баалап, Кыргызстан жана Борбордук Азия менен эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө ЕККУ кызыкдар экенин ырастады.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK