КР ТИМ башчысы Ж.Кулубаевдин катышуусу менен жасалма жарнамалык видео жарыялардын Интернет жана социалдык тармактарда таралышына байланыштуу маалыматтык билдирүү

Интернетте жана социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаевдин катышуусунда жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен белгисиз уюмдарга жана башкаларга акча каражаттарын салууга чакырган дипфейк жана чатботтор деп аталган жасалма жарнамалык видеобилдирүүлөр тарагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жарандарды сак болууга жана расмий булактардан алынган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK