Кыргыз Республикасынын Элчиси Б.Отунбаев АКШ Ак Үйдүн өкүлү Эрик Руденшолд менен жолугушуу өткөрдү

2019-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Элчиси Б.Отунбаев АКШнын Ак Үйүнүн Улуттук Коопсуздук Кенешинин Борбордук Азия маселелери боюнча Директору Эрик Руденшолд менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун алкагында учурдагы эки тараптуу жана аймактык кызматташуу, ошондой эле келечектеги коюлган жалпы пландар талкууланды.

Эки тарап кыргыз-америкалык мамилелерин комплекстүү түрдө бекемдөө үчүн бардык тармактарында өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин тастыктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK