Ушул жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

Ушул жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россия кызматташтыгынын күн тартибиндеги, ошондой эле эки өлкөлөрдүн эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүсүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды. Н.Ниязалиев Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Россиянын Кыргызстандагы жана Кыргызстандын Россиядагы кайчылаш жылдары деп жарыяланган 2020-жылды өткөрүүгө даярдыкты баштоо зарылдыгы жөнүндө пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK