2020-жылдын 21-мартында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Бийбосунов Руслан Мелсовичтин Свердлов облусунун кыргыз диаспоралык уюмдарынын активи жана жалпы россиялык коомдук уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү

2020-жылдын 21-мартында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Бийбосунов Руслан Мелсовичтин Свердлов облусунун кыргыз диаспоралык уюмдарынын активи, «Кыргызстан-Урал» жана Кыргызстан-Биримдиги», «Кайрымдуулук» жана жалпы россиялык «Кыргыз Конгресс» коомдук уюмдарынын жетекчилери менен  жолугушуусу болуп өттү. 

Башкы консул мекендештерди Нооруз майрамы менен куттуктады. Ошондой эле, Свердлов облусундагы мекендештер менен коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу, жүрүм-турум эрежелерин сактоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, бул убакытта чыдамдуу, сабырдуу болууга чакырууну өтүндү.

Башкы консул Р.Бийбосунов жолугушуунун катышуучуларына россиялык тарап жашаган жери боюнча каттоого туруу мөөнөтүн узартуу мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алгандыгын маалымдады, диаспоралык уюмдардын жетекчилери менен активинин Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан миграциялык мыйзамдардын сакталышы боюнча өзгөчө ролун белгиледи.

Андан тышкары, Башкы консулдук 21-мартта Кыргызстандын жарандарын ташуу үчүн «АвиаТрафик» авиакомпаниясы тарабынан «Бишкек-Сургут-Бишкек» каттамы жана «Урал аба каттамдары» авиакомпаниясы тарабынан Екатеринбург-Бишкек каттамы боюнча чартердик авиарейстерди ишке ашыруу маселесин чечүү боюнча чараларды көрүп жаткандыгын белгиледи.

Мындан сырткары, жолугушуу учурунда кыргыз-россиялык маданий-гуманитардык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү, эпидемиологиялык жагдай калыбына келгенден кийин диаспоралдык уюмдар менен бирге Кайчылаш жылдын алкагында буга чейин пландаштырылган маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK