Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова эмгек мигранттарынын суроолоруна байланышкан EPS-конференциясына катышты

2020-жылдын 17-18 июнунда Корея Республикасынын Кёнсан-Намдо өрөөнүндө эмгек мигранттарынын суроолоруна байланышкан EPS-конференциясы өттү. Конференцияга EPS программасына мүчө болгон 16 мамлекеттин Элчилери жана өкүлдөрү, алардын ичинде Кыргыз Республикасынын Элчиси Динара Кемелова катышты. Өз сөзүндө Кыргызстандын Элчиси эмгек келишимдерин алган, ошондой эле убактылуу Кыргызстанга эмгек өргүүсүнө барган Кыргыз жарандарынын Корея Республикасына келүү көйгөйлөрүн көтөрдү.

Мындан тышкары, Д.Кемелова Кыргызстанга бөлүнгөн эмгек келишимдеринин квоталарын толугу менен колдонууну жана айыл чарба тармагындагы бул программаны Кыргызстандын жарандары үчүн кеңейтүүнү сунуш кылды. EPS программасына мүчө болгон мамлекеттердин дээрлик бардыгы тараптан Корея Республикасына кирүүдө коронавирустун айынан жабылган чек аралардын жана карантиндин эрежелерине байланыштуу Түштүк Кореяга келе албай жаткан жарандардын көйгөйлөрү көтөрүлдү.

Конференция учурунда Элчи Д.Кемелова адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын (HRD Korea) Президенти Ким Донг Ман мырза менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, эмгек мигранттардын COVID-19 пандемиясы учурундагы абалына байланыштуу көйгөйлөр айтылды. Элчи Д.Кемелова Ким Донг Ман мырзадын карантиндик эрежелерди эске алуу менен эмгек мигранттарга Корея Республикасына кирүүгө байланыштуу ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK