Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Э.Бейшембиев, Пакистандын «Salbion» фармацевтикалык компаниясынын жетекчилери Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти М.Шаршекеев жана вице-президенти Б.Мухамедзиев менен жолугушту

2021-жылдын 30-мартында Элчилик тарабынан жүргүзүлгөн экономикалык дипломатиянын алкагында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Э.Бейшембиев, Пакистандын «Salbion» фармацевтикалык компаниясынын жетекчилери Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти М.Шаршекеев жана вице-президенти Б.Мухамедзиев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүү маселелери талкууланды.

Элчи кыргыз товарларын Пакистандын 220 миллион рыногуна жана тескери багытта экспорттоо үчүн болгон ири мүмкүнчүлүктөргө карабастан, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн төмөндүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK