Кыргыз Республикасы менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында  Кыргыз Республикасына  5 мобилдик мультидиагностикалык клиника келди

Ушул жылдын 5-майында Кыргыз Республикасы менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы айыл жеринде мобилдик клиникаларды сатып алууга жана эксплуатациялоого “Фаель Хайр” программасы боюнча  кайрымдуулук салымды ишке ашыруунун алкагында 2014-жылдын 3-декабрында Сауд Араб Падышалыгынын Мекка шаарында кол коюлган Макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз  Республикасына  5 мобилдик мультидиагностикалык клиника келди.

Буга чейин жетишилген макулдашууларга ылайык, калкты медициналык жардам менен камсыз кылуу боюнча клиникаларды жана көчмө ооруканаларды даярдоо багытында дүйнөлүк лидерлердин бири "NORMECA AS" компаниясы бул долбоордун негизги аткаруучусу болуп эсептелет.

Бул клиникалар Түркиядагы заводдордо даярдалган жана республиканын айыл-кыштактарында жана алыскы райондорунда медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK