Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КР ТИМ Борбордук Аппаратынын жамаатына Министрдин Катчылыгынын жаңы жетекчиси жана Экинчи саясий департаменттин жаңы директору менен тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Айтбаевич Казакбаев КР ТИМ Борбордук Аппаратынын жамаатына Министрдин Катчылыгынын жаңы жетекчиси Джусупов Бакыт Алиевичти тааныштырды. Джусупов Б.А. мурун Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчисинин кызмат ордун ээлеп турган.

Ошондой эле Борбордук Аппараттын жамаатына Экинчи саясий департаменттин жаңы директору  – Иманалиев Канат Замирбекович да тааныштырылды, ал мурун директордун орун басарынын кызмат ордун ээлеп келген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK