Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Токат шаарында 16-экотуризм жана туруктуу туризм боюнча конференцияга катышты

Экономикалык дипломатияны илгерилетүү ишинин алкагында 2021-жылдын 28-29-июлунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Токат шаарында Эл аралык экотуризм коому (TIES) жана «WorkshopTravelshop» компаниясы тарабынан уюштурулган 16-Экотуризм жана туруктуу туризм боюнча конференцияга катышты.

Иш-чаранын ачылышында Элчи К.Өмүралиев сөз сүйлөп, видеоролик көрсөтүү менен Кыргызстандагы туризмдин, анын алкагында экотуризмдин абалы жана потенциалы жөнүндө презентация жасады. Элчи Өмүралиев велотурлар, тоолорго жөө жүрүү жана альпинизм, лыжа спорту, "жайлоо-туризми", кымыз терапиясы ж.б ушу сыяктуу экотуризмдин өзгөчөлүктөрүн белгиледи. Ошол эле учурда, эл аралык эксперттердин берген бааларына, анын ичинде дүйнөгө белгилүү ЖМКлар жана агенттиктер тарабынан 2019, 2020 жана 2021-жылдары Кыргызстан саякаттоо үчүн алдыңкы 10 өлкөнүн катарына киргизилгендигине көңүл бурду.

Конференциянын катышуучуларын Кыргызстанга чакыруу менен, К.Өмүралиев эки өлкөнүн туроператорлорунун ортосунда байланыш түзүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Түркиянын, АКШнын, Индиянын, Пакистандын, Ирандын жана башка өлкөлөрдүн туристтик фирмаларынын өкүлдөрү биздин өлкөгө турларды уюштурууга кызыкдар экенин билдиришти.

Экотуризмдин чоң потенциалын жана бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды белгилөө менен, К.Өмүралиев бизнес чөйрөлөрдү туризмге инвестиция салууга үндөдү.

Иш-чаранын алкагында Элчи Токат провинциясынын Губернатору Озан Балжы, Токат шаарынын Мэри Эйюп Эроглу, Эл аралык экотуризм коомунун (TIES) Аткаруучу директору Джон Бруно, «Workshop Travelshop» компаниясынын жетекчиси Муртаза Календер, “Dedeman” мейманканалар түйүнүнүн Президенти Бану Дедеман, туристтик компаниялардын өкүлдөрү жана чет мамлекеттердин Элчилери менен жолугушту.

Ошондой эле, ар кайсы өлкөлөрдүн туроператорлору менен B2B жолугушуулары өткөрүлүп, маалымат берилди, брошюралар жана буклеттер таркатылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK