Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Иверсенди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

2021-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Иверсенди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Тараптар кыргыз-герман мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты. Тараптар өлкөлөрдүн ортосунда 2022-жылы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүгө, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Руслан Казакбаев Элчи Моника Иверсендин Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди чыңдоого кошкон салымын белгиледи. Жолугушуунун аягында, Кыргыз-герман эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн М.Иверсенге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ведомстволук сыйлыгы тапшырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK