Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Иверсенди жана Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ф. Дэлаус Бишкекте жаңы француз-немец маданият институтун түзүү маселелерин талкуулады

2021-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Иверсенди жана Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ф.Дэлаус Бишкекте жаңы француз-немец маданият институтун түзүү маселелерин талкуулады.

Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиялардын башчылары француз-немец маданият институтунун аксаттары жана ишмердүүлүгү жөнүндө кыргыз тарапты маалымдашты. Бул институтта баштапкы этапта тил курстарын (немец жана француз тилдери) ачуу пландаштырылып жаткандыгы, андан кийин ар кандай маданий иш-чаралар өткөрүлө тургандыгы белгиленди.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Борбордук Азия чөлкөмүндө мындай институт Кыргызстанда гана түзүлүп, дүйнөдө төртүнчүсү болорун белгилешип, бул германиялык жана франциялык тараптарынын Кыргызстан менен маданий-гуманитардык чөйрөдө ийгиликтүү кызматташкандыгын тастыктайт. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Германия жана Франция менен эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, өлкөлөр ортосундагы саясий диалогдун  учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду. Министр Руслан Казакбаев бул демилге биздин өлкөлөрдүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдайт деген ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK