Борбор Азия мамлекет башчылары Түркмөнбашы шаарындагы Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү кабыл алышты

Бүгүн, 6-августта, Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Борбор Азия мамлекет башчылары Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

5-6-августта Түркмөнбашы шаарында (Түркмөнстан) өткөн Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация тармактарындагы региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашты.

Ар бир Президент мамлекеттеринин региондогу тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыздоо кызыкчылыгында ачык жана кеңири кызматташууга даярдыгын билдирүү менен тарыхый жактан түзүлгөн достук жана ынак коңшулук мамилелерге негизделген аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн ырааттуу процессин белгилеп, баяндама жасашты.

Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK