Жеңиш чокусунун аймагында жоголгон эки ирандык альпинисттерге карата маалыматтык билдирүү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жеңиш чокусунун аймагында жоголгон эки ирандык альпинист, Мехри Джафари жана Реза Адинеге карата төмөндөгүнү билдирет. Адискөй куткаруучулардын тобунун жана тик учактардын катышуусундагы издөө операциясы 6-августта башталган жана азыркы убакка чейин уланууда. Тилекке каршы, эмдигиче издөө операциясы натыйжа берген жок, ошондой эле эки альпинисттин учуп кеткен жана жоголгон (6 миңден 7 миң метрге чейинки) жерлерин альтитудасынын чоңдугу оорлукту жаратууда. Жоголгон ирандык альпинисттерди издөө дагы да болсо улана бермекчи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK