Эл аралык мамилелер жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча маалыматтык билдирүү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №26 «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы №55 буйругун аткаруу максатында эл аралык мамилелер жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча иштерди улантууда.

Атап айтканда, 2021-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин базасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Юридикалык бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана жарандык коомдордун («Адилет» укуктук клиника жана «Тандем» юристтер коомчулугу) өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйналыш болуп өттү, анда негизинен төмөнкү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары талкууланды:

- 2000-жылдын 17-июлундагы №61 «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- 2006-жылдын 13-январындагы №4 «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- 1993-жылдын 14-декабрындагы №1296-XII «Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Талкуулоонун натыйжасында жогоруда аталган мыйзамдар боюнча жарандык коомдордун өкүлдөрү менен тыгыз координацияда иштерди улантуу жөнүндө чечим кабыл алынды жана өз ара аракеттенүүнүн жана биргелешкен иштерди уюштуруунун мындан аркы пландары аныкталды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK