Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Стамбул шаарында салтанаттуу иш-чара жана фото-көргөзмө уюштурду

2021-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Стамбул шаарында салтанаттуу иш-чара жана фото-көргөзмө уюштурулду.

Иш-чарага Стамбул провинциясынын губернаторунун орун басары Өзлем Бозкурт Геврек айым, Бейоглу мэриясынын башчысы Хайдар Али Йылдыз мырза, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин Башкы катчысы Фахри Солак мырза, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктун, Стамбул шаарындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Түркияда жашаган мекендештер катышты.

Өз сөзүндө Башкы консул Лира Сыдыкова Кыргызстандын өнүгүү жолун жана эгемендүүлүктүн курулушун билдирип, биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган Түркия менен болгон боордоштук мамилени баса белгилеп, катышуучуларга өзүнүн жылуу каалоо-тилектерин айтты. Түрк элинин жана Стамбул провинциясынын губернатору Али Йерликая жана Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглунун атынан куттуктоо сөздөрү менен Ө.Б.Геврек жана Х.А.Йылдыз сөз сүйлөп, кыргыз элин салтанаттуу майрам менен куттукташты.

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисттеринин коштоосунда майрамдык кеч салтанаттуу жана достук маанайда болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK