Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин  мамлекеттик катчысынын орун басары Андраш Барани менен жолугушуусу болду

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Венгрияга болгон сапарынын алкагында, анын Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин  мамлекеттик катчысынын орун басары Андраш Барани менен жолугушуусу болду. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө КР менен Венгриянын эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери, атап айтканда дипломатиялык өкүлчүлүк ачуу, кыргыз-венгер Стратегиялык кеңештин 1-жыйынын даярдоо, соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү, боло турган жогорку жана эң жогорку сапарлар талкууланды. Тараптар Бишкек шаарында штаб-квартирасы менен Венгер-кыргыз Өнүктүрүү Фондунун ишин тез арада баштоонун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилешти.

Андан тышкары региондук жана эл аралык маселелер, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттери боюнча пикир алмашуулар болду.

Ошондой эле Н.Ниязалиев Венгрия Дипломатиялык академия жана Stipendium Hungaricum окутуу программасы боюнча Венгрия ТИМинин мамлекеттик катчысы Орсоля Паксай-Томасич менен жолугушуу өткөрдү.

Маектешүүнүн жүрүшүндө алар билим берүү чөйрөсүндө мындан ары кызматташуу, атап айтканда Stipendium Hungaricum программасы боюнча Венгриянын ЖОЖдорунда кыргыз студенттерин окутуу үчүн квотларды көбөйтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле тараптар жакынкы арада Кыргызстанда КР менен Венгриянын Ректорлорунун форумун өткөрүүнүн келечектерин карашты. Андан тышкары КР менен Венгриянын Дипломатиялык академияларынын ортосундагы мүмкүн болуучу биргелешкен долбоорлор, ошондой эле КР ТИМинин Дипломатиялык академиясы менен Будапешт шаарындагы Корвинус университетинин ортосунда кызматташууну орнотуу талкууланды.

КРнын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиев ошондой эле Венгриядагы ТТККнын өкүлчүлүгүнө барды жана Өкүлчүлүктүн башчысы Янош Ховари жана Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын, Өзбекстандын жана Венгриянын долбоордук директор-өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Ошол эле күнү тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиевдин Венгриянын экспортун жүргүзүү (HEPA) боюнча Агенттиктин аткаруучу директору Криштоф Сабо менен жолугушуусу болду.

Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну мындан ары кеңейтүү, экспортту илгерилетүү, чакан жана орто бизнести колдоо боюнча Агенттиктин иш тажрыйбасын изилдөө маселелерин карашты. Министрдин биринчи орун басары Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө Кристоф Сабого маалымдады.   

Венгриянын Соода өнөр-жай палатасынын төрагасы Ласло Парагг менен КРнын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиевдин өз алдынча жолугушуусунда ушул жылдын 23-сентябрында Будапешт шаарында ТТККнын  Соода өнөр-жай палатасынын бизнес-форумун өткөрүүгө даярдыктын жолдору жана ушул жылдын 24-сентябрында Будапешт шаарында кыргыз-венгер Ишкердик кеңешинин жыйынын уюштуруу мүмкүндүгү талкууланды. Алар кыргыз-венгер эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары кеңейтүү боюнча өз ара аракеттенүүлөрдү күчөтүүгө макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK