Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин орун басары Алмас Айдаровго Ишеним грамотанын кɵчүрмɵсүн тапшырды

2021-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин орун басары Алмас Айдаровго Ишеним грамотанын кɵчүрмɵсүн тапшырды.

Болгон жолугуушунун алкагында тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык спектри боюнча кыргыз-казак мамилелеринин учурдагы абалын жана ɵнүктүрүү перспективасын талкуулашты, анын ичинде дүйнɵдɵ уланып жаткан пандемия учурундагы экономика жана инвестиция тууралуу кеп кылды.

Жолугушуунун жыйынтыктыгында Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин орун басары А.Айдаров Элчи Д.Дюшекеевди Казакстанда дипломатиялык миссиянын башталышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде, Элчи Д.Дюшекеевди Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары чыӊдоо жана ɵнүктүрүү үчүн зарыл болгон аракеттерди кɵрүүүүгɵ даярдыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK