Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчиси Т.Сыдыков Тегеран шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) жаңы шайланган Башкы катчысы Хусрав Нозири менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчиси Т.Сыдыков Тегеран шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) жаңы шайланган Башкы катчысы Хусрав Нозири менен жолукту.

Башкы катчынын Кыргыз Элчисине сый сапары максатында ЭКУнун катчылыгынын демилгеси менен уюштурулган жолугушуу учурунда, аталган уюмдун алкагында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары жана аймактык экономикалык интеграция маселелери талкууланды.

Тараптар мамлекет жана тышкы саясий ведомтсволордун башчылары катышуучу алдыдагы Тышкы иштер министрлер кеңешинин жана ЭКУнун саммити сыяктуу иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилешти.

ЭКУнун Башкы катчысы Х.Нозири Кыргыз Республикасынын уюмдагы ролун жогору баалап, Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди кароодо кыргыз тараптын активдүү катышуусун жана конструктивдүү сунуштарын баса белгиледи.

Маалымат: Экономикалык кызматташтык уюму 1964-жылы Иран, Пакистан жана Туркия тарабынан негизделген. 1992-жылы Кыргызстан, Азербайджан, Афганистан, Казахстан, Тажикстан, Туркменистан жана Өзбекстан уюмга мүчө болуп кирген. ЭКУнун Катчылыгы Ирандын борбору Тегеран шаарында жайгашкан.

Кыргызстандын Ирандагы Элчиси бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK