Ушул жылдын 15-сентябрында Дүйшөмбү шаарында, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алдында, тышкы иштер министрлеринин кеңешинин, Коргоо министрлеринин кеңешинин жана Уюмдун коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйыны Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин катышуусунда өтөт

Ушул жылдын 15-сентябрында Дүйшөмбү шаарында, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алдында, тышкы иштер министрлеринин кеңешинин, Коргоо министрлеринин кеңешинин жана Уюмдун коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйыны Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин катышуусунда өтөт.

Жыйындын жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволорунун башчылары тарабынан эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, Афганстандагы кырдаалдын абалы жана өнүгүү келечеги, ЖККУнун алкагында тышкы саясий координацияны күчөтүү боюнча пикир алмашуулар пландалууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK