Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеевдин Эстониянын Элчиси Тоомас Тирс менен жолугушуу болуп ɵттү

Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Нур-Султан шаарындагы дипломатиялык миссиясынын башталышынын алкагында Казакстандагы чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушууну улантууда.

Тактап айтканда, 2021-жылдын 14-сентябрында Кыргызстандын Казакстандагы Элчилигинде Эстониянын Элчиси Тоомас Тирс менен жолугушуу болуп ɵттү, ал жакын арада Кыргызстанда аккредитациядан ɵтүүгɵ ниеттенүүдɵ.

Бул жолугушууда, тараптар кыргыз-эстон кырзматташтыгынын учурдагы абалын талкуулашып, Кыргызстан менен Эстониянын ɵз ара аракеттенүүнүн перспективдүү багыттары боюнча пикир алмашышты.

Өлкɵлɵр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын потенциалын талкуулоодо, Элчи Д.Бюшекеев ВСП+ преференциялар системасын колдонуу алкагында ɵлкɵнүн экспорттук потенциалын белгиледи жана инвестиция багытта тараптардын бизнес чɵйрɵсүнүн ɵкүлдɵрүнүн катышуусу менен бизнес-форумдарды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Ошондой эле ушул жылдын 15-сентябрында Элчи Д.Дюшекеев Түркмɵнстандын Элчиси Батыр Реджеповго сылык визити менен барды.

Дипломатиялык миссиялардын башчылары 2021-жылдын 6-августунда Түркмɵнбашы шаарында ɵткɵн Борбор Азия мамлекет башычыларынын Консультативдик жолугуушусун талкуулашты, ошондой эле Афганстандагы абал боюнча пикир алмашышты.

Бул жолугуушулардын жыйынтыгында тараптар Нур-Султандагы дипломатиялык ɵкүлчүлүктɵр аркылуу байланышты улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK