КРдин Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

2021-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, алдыдагы эки тараптуу тышкы саясий окуялар боюнча сааттарын тууралашты, ошондой эле көп тараптуу аянтчалардын алкагында эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашышты.

Тараптар ушул жылы Москва жана Сочи шаарларында мамлекет башчыларынын жолугушууларынын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди практикалык түрдө эртерээк ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK