КР ТИМинин АКШда КР жаранынын каза болгон кырдаалы тууралуу маалыматтык билдирүүсү

АКШда КР жаранынын каза болгон кырдаалы боюнча Министрлик төмөнкүдөй толуктоону билдирет.

Элчилик тарабынан иштин жагдайын тактоо жана болуп өткөн каргашадан толук маалымат алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

2021-жылдын 8-октябрында КРдин АКШдагы Толук жана Атайын Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаевдин АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Дональд Лу менен сүйлөшүүсү болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз тарап көңүлдү Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмүнүн тез жана тыкыр иликтениш зарылдыгына басым жасады.

Андан тышкары, Пенсильвания Штатынын Полиция департаменти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, анда азыкы убакта инцидентти тергөө боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканы кабарланды.

Бул маселе Министрликтин жана КРдин АКШдагы Элчилигинин өзгөчө контролунда турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK