Кыргыз Республикасынын Россиядагы Элчиси Гүлнара-Клара Самат "Атын кайтаруу" долбоорунун автору Григорий Скворцовду кабыл алды

2021-жылдын 6-октябрында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат "Атын кайтаруу" долбоорунун автору Григорий Скворцовду кабыл алды.

Жолугушуу учурунда Г.П.Скворцов Г.-К. Саматка аталган долбоор тууралуу маалымат берип, долбоордун максаты Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон фашизм туткундарын жана алардын жакындарын издөө экенин белгиледи. Буга байланыштуу долбоордун автору "Атын кайтаруу" долбоорун Кыргызстандын аймагында ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында сунушталган долбоорду ишке ашыруунун перспективалары боюнча пикир алмашышты, ушуга байланыштуу Г.П.Скворцов Г.-К.Саматка фашизм туткундарынын дайынсыз жоголгон Кыргыз ССРинин аскерлеринин тизмеси менен материалдарды даярдап берди.

Өз кезегинде Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.П.Скворцовго Кыргыз ССРнан келген жоокерлердин туугандарын табуу үчүн жасалган иштер үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK