Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева Биринчи жана Экинчи Комитеттердин жалпы дебаттарынын жүрүшүндө сөз сүйлөдү

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Комитеттеринин ишин баштоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева Биринчи жана Экинчи Комитеттердин жалпы дебаттарынын жүрүшүндө сөз сүйлөп, Башкы Ассамблеянын учурдагы сессиясынын алкагындагы өлкөнүн приоритеттерин белгиледи.

Биринчи комитетке кайрылуусунда, Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү, Кыргыз Республикасы глобалдык куралсыздануу жана массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышын алдын алуу максаттарына берилгендигин жана дүйнөнүн ядролук куралдан эркиндигинин активдүү колдоочусу экенин көрсөттү. Ал ошондой эле быйыл Кыргызстан төрагалык кылган Борбор Азиядагы Ядролук Куралсыз Зонанын маанилүүлүгүн белгиледи.

Экинчи комитетиндеги сөзүндө Миргүл Молдоисаева тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө көңүл буруп, алардын абалынын климаттын өзгөрүшүнөн жана пандемиядан улам начарлашын белгиледи. Бул контекстте, Кыргыз Республикасынын тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгелери тууралуу маалымат берди.

Атап айтканда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын азыркы сессиясында Кыргызстан 2022-жылды Эл аралык Тоо жылы деп жарыялоо боюнча резолюцияны сунуштай турганын билдирди. Ал тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн беш жылдык программасы, ошондой эле БУУнун жетекчилиги астында тоо токойлорун сактоо, аларды жана тоо боорлорун калыбына келтирүү боюнча атайын программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу демилгеси жана ж.б. жөнүндө билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK