Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Турдакун Сыдыков Ирандын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин Башкы директору Сеид Жалолиддин Алави Сабзивари жолугушту

2021-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен кыргыз-иран эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселерин талкуулоо максатында Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчиси Турдакун Сыдыков жана ИИРнын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин Башкы директору Сеид Жалолиддин Алави Сабзиваринин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда, Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Т.Сыдыков Кыргызстан жана Иран мамилелеринин приоритеттүү багыты болгон соода-экономикалык кызматташтыгынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Иран тарапка биргеликте артыкчылыктуу багыттарды аныктап, эки тарапка кызыктуу болгон конкреттүү экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн таасирдүү, эффективдүү механизмдерди иштеп чыгууну сунуштады.

Элчи Т.Сыдыков Кыргызстан жеңилдетилген инвестициялык саясат жана ыңгайлаштырылган мыйзамдары менен инвесторлор үчүн эң эле жагымдуу мамлекет экендигин баса белгиледи.

Ошондуктан, Кыргыз Элчиси иран тарапты Кыргыз Республикасында ири жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорго инвестиция салууга чакырды.

Андан сырткары, эки мамлекеттин транспорттук-транзиттик потенциалын эффективдүү колдонуу жана ирандын «Бендер-Аббас», «Чабахар» деңиз портторунун жүк ташууну өнүктүрүү, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн арттыруудагы мүмкүнчүлүктөрүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Айыл чарба тармагында өз ара пайда келтирүүчү кызматташуунун артыкчылыктуулугу белгиленди.

Элчи Т.Сыдыков маектешинин көңүлүн эки мамлекеттин борборлорунун ортосундагы аба каттамын ачуунун маанилүүлүгүнө бурду жана түз аба каттам туристтердин жана ар кайсыл тармактардагы бизнес-делегациялардын көбөйүшүнө салым кошорун белгиледи.

Өз кезегинде, ИИРнын ТИМнин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин Башкы директору Сеид Жалолиддин Алави Сабзивари Иран тараптын Кыргызстан менен кеңейтилген бардык тармактарда, анын ичинде Экономикалык Кызматташуу Уюму жана Евразиялык Экономикалык Уюмунун алкагында, кызматташууну күчөтүүгө кызыкдар экендигин бекемдеди.

Маалымат: 2018-жылдын 17-майында Евразиялык экономикалык Уюму жана Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймакка алып келүүчү убактылуу келишимге кол коюлган.

Тараптар саламаттыкты сактоо, гуманитардык колдоо, COVID-19 илдети менен күрөшүү боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелерин да талкуулашты.

Жолугушуу учурунда тараптар Өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгү биргелешип аракеттенүүнүн негизги маанилүү бөлүгү экендигин жана ал аркылуу эки тараптуу кызматташтыктын конкреттүү багыттарындагы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүндүгүн белгилешти.

Ушул өңүттө, Кыргызстандын Ирандагы Элчиси Т.Сыдыков жеке жана мамлекеттик компаниялардан турган иран инвесторлорунун кароосуна жана изилдөөсүнө англис тилине которулган Кыргызстанда ишке ашырылчу 50 инвестициялык долбоорду иран тарапка тапшырды.

Жолугушунун жыйынтыгында, тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган конкреттүү сунуштар менен алмашуу жөнүндө келишимге келишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK