Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды

2021-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ушул жылдын 10-сентябрында Бишкекте өткөн Экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды. Н.Ниязалиев Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүү үчүн аталган иш-чаранын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган Иш -аракеттер планынын пункттарын өз убагында аткаруунун өзгөчө маанисин белгиледи.

Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы күн тартибинин маселелерин карашты, эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын белгилешти. Өзгөчө көңүл миграция тармагындагы кызматташууга, эки өлкөнүн жарандары үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууга, ошондой эле экспорттук жана инвестициялык потенциалды чыңдоого бөлүндү. Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдүү өнүктүрүү үчүн эки тараптуу жолугушууларды уюштуруу тууралуу маселелер каралды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK