Президент Садыр Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-ноябрда Глазго шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту.

ЕРӨБ менен Кыргызстан ортосундагы жемиштүү кызматташуу боююнча өз ара кызыкчылык туудурган келечектүү долбоорлор боюнча ачык сөз болду.

Мамлекет башчысы  Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен өз ара аракеттенүү Кыргызстандын тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналарын белгиледи.

Ал Кыргызстан  Париж келишимин жактарын белгиледи.  Климаттык инвестициялык программа жана климаттык каржылоо боюнча борбор иштеп жатат. Борбор климаттын өзгөрүүсүн жумшартууга багытталган пилоттук программанын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жардамы менен түзүлгөн.

Садыр Жапаров эмиссияны азайтуу жана көмүртектин таасиринин нейтралдуулугуна жетишүү максатында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен суу ресурстары, чакан энергетика чөйрөсүндө, энергетикалык инфрастуктураны жаңыртуу, коомдук транспорт жаатында жана Бишкектеги тиричилик таштандылары көмүлгөн жайды жабуу жана рекультивациялоо боюнча кызматташууну кеңейтүүнү колдоого даярдыгын билдирди.

Президент Кыргызстанда жеке ишкерлердин колдоосунда чакан ГЭСтерди куруу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу башталганын белгиледи. Садыр Жапаров жакын арада бир катар чакан ГЭСтердин курулуш иштери соңуна чыгаарын айтып, ЕРӨБдү бул багытта кызматташууга чакырды.  

Одиль Рено-Бассо ЕРӨБ менен Кыргызстандын кызматташтыгын жогору баалап, бизнес-коомчулугун тартуу менен «жашыл» экономика чөйрөсүндөгү, гидроэнергетикадагы жана кайра калыбына келүүчү энергия долбоорлорун активдүү колдоого даярдыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK