Президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгы Королдук үй-бүлөсү тарабынан уюштурулган салтанатка катышты

1-ноябрда Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин алкагында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландия  Королдук үй-бүлөсүнүн атынан кабыл алуу болду.

Салтанаттуу кабыл алууга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.

Падыша үй-бүлөсүнүн атынан меймандарды Ханзаада Чарльз кабыл алды.

БУУнун климат боюнча конференциясы алкагындагы кечки сый кабыл алуу кечесинде ошондой эле башка өлкөлөрдүн лидерлери жана делегация башчылары катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK