Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчиси Турдакун Сыдыков жана ИИРнын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук мамилелер департаментинин Башкы директору Махмуд Адибдин жолугушуусу болуп өттү

2021-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчиси Турдакун Сыдыков жана ИИРнын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук мамилелер департаментинин Башкы директору Махмуд Адибдин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда, Кыргыз Элчиси Кыргызстан жана Ирандын жарандарына эки мамлекетке келүү жана анын аймагында жүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында мамлекеттердин ортосундагы консулдук мамилелерди өнүктүрүү маанилүү экендигин белгиледи.

Элчи Т.Сыдыков кыргыз тарап 2017-жылдан тартып Иран жарандары үчүн Кыргыз Республикасына кирүү үчүн “туризм” жана “ишкердик” категориядагы визалары жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте берилээрин баса белгиледи. Бүгүнкү күндө Иран жарандары Бишкек шаарынын аэропортунда, Кыргызстандын Тегеран шаарындагы Элчилигинде жана «Е-виза»

Кыргыз тарап эки мамлекеттин жарандарынын чек арадан өтүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүү үчүн эки тараптуу негизде вакцинация өткөндүгү жөнүндө сертификаттарды таанууну сунуштады.

Ошондой эле, Турдакун Сыдыков Иран ТИМнин өкүлүн алдыда 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда өтүүчү парламенттик шайлоо жөнүндө кабарлады. Иран Ислам Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укугун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Ирандагы Элчилигинде Тегеран шаарында шайлоо участогу ачылаарына көңүлүн бурду.

Өз кезегинде, ИИРнын ТИМнин Консулдук мамилелер департаментинин Башкы директору М.Адиб иран тараптын кыргыз жарандары үчүн виза режимин жөнөкөйлөштүрүү саясатын улантууга даярдыгын билдирди жана 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап Ирандын ТИМи чет элдик жарандарга, алардын ичинде Кыргызстандын жарандарына, COVID-19 пандемиясына байланыштуу убактылуу токтотулган, туристтик виза берүүнү жандандыргандыгын маалымдады.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар жакынкы мөөнөттө Кыргызстан жана Ирандын Тышкы иштер министрликтеринин Консулдук кызматтар ортосунда, консулдук-виза маселелеринин талкуулоо үчүн консультация өткөрүүнү келишишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK