Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Азербайжан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандиловдон Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

2021-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Азербайжан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандиловдон Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Министр Р.Казакбаев Элчи Л.Гандиловду кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады. Кыргызстан менен Азербайжан боордош өлкөлөр экени ырасталып, ага байланыштуу кыргыз-азербайжан мамилелеринин деңгээлин стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүү боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги байланыштардын графиги, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Министр Р.Казакбаев соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи Л.Гандилов азербайжан тарап биргелешкен инвестициялык фондду түзүүгө макул экендигин билдирди.

Тараптар ошондой эле Бишкек жана Баку шаарларында маданий иш-чараларды өткөрүү тууралуу макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK