Кыргызстандын Ирандагы Элчилиги Тегеран шаарында «Кыргызстан Экономикасынын күнү» иш-чарасын уюштурду

2021-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигини Ирандын соода жана өнөр жай палатасы менен биргеликте Тегеран шаарында «Кыргызстан Экономикасынын күнү» иш-чарасын уюштурду.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчиси Турдакун Сыдыков, Ирандын Соода палатасынын Президенти Голамхоссейн Шафеи жана онлайн форматта КРнын Соода-Өнөр жай палатасынын Ага Вице-президенти Роман Касымов, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Саид Харрази, ошондой эле кыргыз компаниялары менен кызматташууга кызыкдар иран ишкерлери катышышты.

Аталган иш чаранын алкагында Кыргызстан жана Ирандын Соода палаталары Кыргыз-Иран биргелешкен соода комитетин түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Кол коюлган документти ишке ашыруу эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты жана бизнес коомчулуктарынын карым катнашын активдештирүүгө өбөлгө түзөт.

«Кыргызстан экономикасы күнүнүн» алкагында КРнын ИИРдеги Элчиси Т.Сыдыков Ирандын бизнес коомчулугун КРнын инвестициялык климаты жөнүндө маалымдады жана англис тилине которулган Кыргызстанда ишке ашырылчу гидроэнергетика, айыл-чарба, өнөр-жай, инфраструктура жана туризм тармагындагы 50 инвестициялык долбоор менен тааныштырды.

Кыргыз Элчиси иран ишкерлерин өндүрүлгөн даяр продукцияны ЕАЭБ, КМШ, ЕБ (ВСП+ статусунун алкагында) жана ДСУ өлкөлөрүнүн базарына сатуу максатында Кыргызстандын аймагында биргелешкен өнөр-жай ишканаларын ачууга чакырды.

Өз кезегинде иран ишкерлери Кыргызстанда компания ачуу, салык, валюталык режимдер жөнүндөгү либералдык мыйзамдарына жана эркин экономикалык аймактарынын ишмердүүлүгүнө кызыгышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Элчилиги инвестициялык долбоорлордон турган басма материалдарды жана Кыргызстандын туристтик жайлары жөнүндөгү брошюраларды таратты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK